• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Кыргызстандын шинкиокушинкай каратечилери Казакстанда ийгиликке жетишти

Спорт 0

Бишкек, 25март /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Кыргызстандын спортчулары 20-мартта Алмата шаарында өткөн шинкиокушинкай карате боюнча эл аралык турнирде беш медаль утуп алышты. Бул тууралуу КР Мамлекеттик жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматы боюнча, жалпысынан эл аралык турнирге Казакстандын бардык облустарынан жана Кыргызстандын Сергей Шевченко жетектеген 11 каратечисинен турган 350дөн ашык спортчу катышкан.

Жеңүүчүлөрдүн тизмеси:

1-орун – Аделина Бережная – 40 кг чейин

2-орун – Мунара Бейшенбетова – абсолюттук салмак категориясы

2-орун – Баэль Шерматов – абсолюттук салмак категориясы

2-орун – Амантур Рыскулов – 35 кг чейин (10 жаш)

3-орун – Шамиль Орозбеков – 35 кг чейин (10-11 жаш).

Ошондой эле, 21-23-апрелде Астана (Казакстан) шаарында шинкиокушинкай карате боюнча Азиянын Ачык чемпионаты өтөт. Ага Иран, Россия, Түркия жана башка өлкөлөрдүн спортчулары катышат. Кыргызстандын 15 спортчудан турган командасы да катышат. Учурда команда турнирге даярдык көрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий