• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

«Азия Молл» соода борборуна бомба коюлгандыгы кабарланды

Коом 0

Бишкек, 11.08.22. /Кабар/. «Азия Молл» соода борборуна бомба коюлганы кабарланып, имарат курчоого алынды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Ленин райондук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, «Азия Молл» соода борборуна бомба коюлгандыгы тууралуу билдирүү бүгүн саат 13:56да түшкөн.

Окуя болгон жерге дароо тергөө-ыкчам тобу жана Бишкек ШИИБнин, Ленин РИИБнин жетекчилиги жөнөп кеткен.

«Жарандардын коопсуздугун камсыздоо жана эвакуациялоо максатында имараттын аймагы милиция кызматкерлери тарабынан курчоого алынды. Жерине УКМКнын кызматкерлери да келишкен. Учурда тиешелүү издөө-текшерүү иш-чаралары жүрүп жатат, окуянын чоо-жайы кийинчерээк маалымдалат», - деп кошумчалашты милициядан.

Пикир

Оставить комментарий