Азис Сапаралиев Жаратылыш ресурстары министрлигинин жамаатына тааныштырылды

Коом 0

Бишкек, 02.07.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин жамаатына министрдин милдетин аткаруучу Азис Сапаралиевди тааныштырды.

Минкаб төрагасы министрликтин алдына жүктөлгөн милдеттерди ишке ашыруунун маанилүүлүгүн, анын ичинде тоо-кен тармагын өнүктүрүү, инвестицияларды тартуу, пайдалуу кендерди иштетүүдө заманбап технологияларды киргизүү, экологиялык талаптардын сакталышын көзөмөлдөөнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

“Биздин мамлекет өлкөбүзгө пайда алып келе турган жаратылыш ресурстарына бай. Бул тармак экономикабыздын локомотиви боло алат деген ойдобуз”, - деген Акылбек Жапаров министрдин милдетин аткаруучуга жооптуу кызматында ийгиликтерди каалады.

Пикир

Оставить комментарий