• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Аба ырайы: Бүгүн жамгыр карга айланышы мүмкүн

Коом 0

Бишкек, 26.12.17. /Кабар/. Кыргызгидромет кызматы аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты. Ага ылайык, бүгүн, 26-декабрда жаан жаап карга айланып, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаап, 27-28-декабрда мезгил-мезгили менен кар жаап, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышышы ыктымал. Автожолдор тайгак жана тоңголок болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 18-23 метрге жетмекчи.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -3...+2, күндүз -3...+2;

Талас облусунда түнкүсүн -2...-7, күндүз -3...+2;

Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -3...+2, күндүз -1...+4;

Баткен облусунда түнкүсүн түнкүсүн -3...+2, күндүз -1...+4;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1...-6, күндүз 0...-5;

Нарын облусунда түнкүсүн -12...-17, күндүз 0...-5 градуска чейин жогорулайт.

Бишкек шаарында бүгүн, 26-декабрда жаан, кар жаашы күтүлөт. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышат. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 15-20 метрге жетет. Абанын табы түнкүсүн -1...+1, күндүз 0...+2.

Пикир

Оставить комментарий