• 87.25
  • 89.39
  • 0.86

Бүгүн Бишкекте Easy Kyrgyz мобилдик колдонмосунун таанытымы өтөт

Коом 0

Бишкек, 09.12.24. /Кабар/. Бүгүн Бейшен Турусбеков атындагы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясында кыргыз тилин үйрөнүүнү жеңилдетүү максатында иштелип чыккан Easy Kyrgyz мобилдик колдонмосунун А1 деңгээлинин расмий таанытымы өтөт. Бул тууралуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынан билдиришти.

Иш-чарага Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын жетекчилиги, орус тилдүү студенттер, блогерлер, медиа өкүлдөрү жана башка кызыкдар тараптар катышат. Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев катышуучуларга тилди үйрөнүүнүн заманбап ыкмалары тууралуу айтып берери маалымдалды.

Ошондой эле адистер жаңы колдонмонун мүмкүнчүлүктөрү жана өзгөчөлүктөрү боюнча презентация жасап, интерактивдүү оюндарды уюштурушат.

Белгилей кетсек, Easy Kyrgyz мобилдик колдонмосу кыргыз тилин А1 деңгээлинде баштоочу колдонуучуларга багытталган. Колдонмо интерактивдүү көнүгүүлөрдү, оюн форматындагы тапшырмаларды жана грамматиканы өздөштүрүүнү жеңилдетүүчү инструменттерди камтыйт.

Пикир

Оставить комментарий