Бүгүн Бишкекте "Музейдеги түн" иш-чарасы өтүп жатат

Маданият 0

Бишкек, 18.05.24. /Кабар/. Бүгүн Бишкек шаарындагы музейлерде "Музейдеги түн" иш-чарасы өтүп жатат.

Иш-чаранын алкагында келүүчүлөргө көрүнүктүү инсандардын өмүрү жана чыгармачылыгы тууралуу кызыктуу экскурсиялар уюштурулуп, даректүү тасмалар көрсөтүлүүдө. Сүрөт тартуу, скульптура жасоо, шуру токуу боюнча мастер-класстар өтүп, поэзия кечеси уюштурулду.

Ошондой эле кол өнөрчүлөрдүн эмгектери коюлган көргөзмө да өтүүдө.

Бүгүн саат 17:00дөн 22:00гө чейин Бишкектеги музейлердин эшиги борбор калаанын бардык тургундары жана коноктору үчүн ачык болот.

Пикир

Оставить комментарий