• 88.68
  • 95
  • 0.95

Берлинде атамекендик эстрада жылдыздарынын катышуусундагы концерт өтөт

Маданият 0


Бишкек, 3-май /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Германиянын борборунда 20-майда Кыргызстандын чоң сахнасынын артисттеринин катышуусундагы концерт өтөт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине концерттин уюштуруучусу жана алып баруучусу, джаз-музыкант Тимур Ысыев билдирди.

“Концерт 20-майда 19:00дө «Blackmore’s Berlins Musikzimmer» залында өтөт. Мындай иш-чаралар жыл сайын Кыргызстандын Берлиндеги элчилигинин колдоосу менен өтөт. Концертти өткөрүү үчүн биз атайын Кыргызстандын белгилүү жылдыздарын тандайбыз. Быйыл Күмөндөр Абылов жана Мирбек Атабеков биздин чакырууларыбызды алышты”, - деди Т.Ысыев.

Бул концерттин уюштуруучуларынын башкы максаты Германияда жашаган кыргызстандыктарды маданий жана спорттук иш-чаралар аркылуу бириктирүү болуп саналат.

Мындан тышкары, Берлинде футболдук турнир өтүп, анда ГФРдагы кыргызстандыктар Германиядагы сүйүүчүлөрдүн мыкты командасы наамы үчүн күрөшүшөт.

“Футболдук турнирге Германияда жашаган кыргызстандыктардын командалары катышат. Командалар сүйүүчүлөрдөн географиялык принцип боюнча түзүлөт. Бирок алардын арасында спорттун бул түрү менен алектенген кесипкөй спортчулар да бар. Быйылкы жылы командалардын курамында Чехия, Бельгия, Франция, Австрия сыяктуу башка Европа өлкөлөрүнөн оюнчуларды кошуу чечими кабыл алынган”, - деп түшүндүрдү Т.Ысыев.

Учурда иш-чарага кызыкдар тараптар каттоодон өтүп жатышат, алдын ала маалыматтар боюнча алардын саны 200дөн ашык адам.

Пикир

Оставить комментарий