• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Бишкекте түрк дүйнөсүнүн искусство чеберлеринин башын бириктирген гала-концерт өттү

Маданият 0

Бишкек, 14.06.23. /Кабар/. Бишкекте түрк дүйнөсүнүн искусство чеберлеринин башын бириктирген “Биз биргебиз” аталышындагы гала-концерт өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маданий иш-чара күн мурун, 13-июнда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өткөн. Ага Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов, ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун башкы катчысы Султан Раев, Жогорку Кеңештин депутаттары, дипломатиялык корпустардын өкүлдөрү, белгилүү коомдук-маданий ишмерлер жана кеңири коомчулук катышты.

Иш-чараны маданият министри ачып, ТҮРКСОЙ уюмунун кыргыз маданиятындагы орду жана ролу тууралуу кыска баяндама жасап, 30 жылдык тарыхы бар уюм түрк дүйнөсүнүн улуттук маданиятынын мыкты үлгүлөрүн таанытуу аракетин көрүп жаткан иш аракеттери мактоого арзый турганын баса белгиледи.

Андан соң сөз мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетовго берилип, президент Садыр Жапаровдун куттуктоо сөзүн окуду.

Анда ал түрк дүйнөсүнүн башын бириктирген эл аралык уюмдун негизделиши, маданияттын алтын көпүрөсүнө айланган мекеменин аброюу артып турганын, тамыры жана тарыхы бир түрк тилдүү элдердин өнөр салаасындагы чеберлердин башын бириктирип турушу, “биз биргебиз” деген ураандын алдында өтүп жаткан маданий иш-чаранын мааниси жана түрк дүйнөсүнүн ыр күүсү оболоп жаңырып, сапары байсалдуу болсун деген каалоо тилектерди билдирди.

Ал эми ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун баш катчысы Султан Раев учурда уюмдун негизделишинин 30 жылдыгына карата уюмга мүчө-мамлекеттердин борборунда маданият күндөрү өтүп жатканын айтты. Ал өз сөзүндө салтанатту иш-чараны уюштурууну колдоого алган Кыргызстандын президенти, министрлер кабинетине жана Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине ыраазычылык билдирип, уюм мында ары өзүнүн миссиясын татыктуу улантат деп жыйынтыктады.

Иш-чаранын алкагында бир катар маданият тармагынын көрүнүктүү өкүлдөрүнө ТҮРКСОЙ уюмунун алтын медалы тапшырылып, андан соң концерттик программа менен коштолду.

Пикир

Оставить комментарий