• 84.2
  • 93.8
  • 0.91

Бүгүн Горький жана Элебаев көчөлөрүнүн кесилиши 4-5 саатка жабылат

Коом 0

Бишкек, 24.09.24. /Кабар/. Бишкек шаарында жолдорду капиталдык оңдоо иштери уланууда.

Муниципалитеттен билдиришкендей, бүгүн, 24-сентябрда саат 15:00дөн баштап Горький жана Элебаев көчөлөрүнүн кесилиши унаа кыймылы үчүн жабылат. Жол 4-5 сааттан кийин ачылат.

Белгилей кетсек, Горький көчөсү Ч.Айтматов проспектисинен 7-Апрель көчөсүнө чейин оңдолууда.

Пикир

Оставить комментарий