• 85.2
  • 93.15
  • 0.86

Бүгүн күндүз Бишкек жана Чүйдө катуу шамал күтүлөт

Коом 0

Бишкек, 11.10.24. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги күтүлүп жаткан катуу шамалга байланыштуу чукул билдирүү таратты.

Гидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, күндүз Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүнд батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен катуу шамал катталышы күтүлөт.

"Катуу шамал учурунда коопсуз жайларда болуңуздар. Өзгөчө электр чубалгыларынан жарнама калкандарынан, бак-дарактардан алыстап, коопсуз жайларда болуңуздар", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий