• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Швейцария Нарын, Чүй жана Оштогу муктаж болгон жарандарга гуманитардык жардам көрсөттү

Коом 0

Бишкек, 14.07.20. /Кабар/. Швейцария Нарын, Чүй жана Ош облусундагы муктаж болгон жарандарга гуманитардык жардам көрсөттү. Бул тууралуу Швейцариянын КРдагы элчилигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Швейцария өкмөтүнүн каржылоосунда Кыргызстанда ишке ашырылып жаткан “Элдин үнү ана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” долбоору COVID-19 пандемиясынын шартында Нарын, Чүй жана Ош облустарынын отуз жергиликтүү өз алдынча башкаруу аркылуу 5 миңге жакын муктаж үй-бүлөлөргө гуманитардык жардам берүү үчүн 6 миллион сомдон ашык акча каражатын бөлүп берди.

Аталган долбоор Швейцария өкмөтү тарабынан Швейцариянын Өнүктүрүү жана Кызматташтык агенттиги аркылуу каржыланып, Өнүктүрүү саясат институту тарабынан аткарылат.

Гуманитардык жардам калктын аярлуу топторунун мүчөлөрүнө биринчи кезекте зарыл болгон тамак-аш: ун, макарон, кум шекер, гречка, коюлтулган сүт, чай жана өсүмдүк майынан турган азык-түлүк топтому берилди. Болжол менен бир баштыкчанын баасы 1200 сомдун тегерегинде. Жардам алуучулардын тизмесине негизинен кирешеси төмөн жана ден соолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүгү чектелген балдары бар үй-бүлөлөр кирген.

Бардык азык-түлүктөр ачык конкурстун негизинде сатып алынды. Ачык-айкындуулукту жана отчеттуулукту камсыздоо максатында жардам алып жаткан муниципалитеттерде комиссиялар түзүлүп, аларга айыл өкмөтү жана мэриянын кызматкерлери, жергиликтүү кеңештердин депутаттары, биргелешкен мониторинг жана баалоо топторунун (БМжБТ) мүчөлөрү жана жергиликтүү жамааттардын активдүү мүчөлөрү кирген.

Комиссиялар жеткирилген гуманитардык жардамды кабыл алууда жана аларды мурда башка тараптардан көрсөтүлгөн жардамды алган же албагандыгын эске алуу менен түзүлгөн тизмедеги жардамга муктаж үй-бүлөлөргө таркатып берүүдө да катышышты.

Пикир

Оставить комментарий