• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Бүгүн Кыргызстанда мектеп босогосун 150 миңге жакын окуучу аттады

Билим 0

Бишкек, 02.09.24. /Кабар/. Бүгүн Кыргызстанда мектеп босогосун 150 миңге жакын окуучу аттады.

Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришкендей, 2024-2025-окуу жылынын башталышында жалпы билим берүүчү мекемелердин 1-4-класстарына биринчи сабак “Билим – бул күч” темасында өтүлөт.

Сабак Кыргызстандын түптөлүшүнө жана билим берүүгө чоң салым кошкон улуу инсандар, билимдин маанилүүлүгү жөнүндө маалымат берүү максатын көздөйт.

Ал эми 5-11-класстын окуучуларына биринчи сабак “Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталар” темасында өткөрүлөт.

Анда Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүн түптөөдө Кыргыз автономиялуу облусун түзүлгөндүгүнүн мааниси түшүндүрүлүп, азыркы мамлекеттүүлүктү түптөгөн аталар жөнүндө маалымат берилет.

Пикир

Оставить комментарий