• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кесиптик лицейлердин жетекчилери жана кызматкерлери үчүн кайра даярдоо курстары башталды

Билим 0

Бишкек, 19.09.23. /Кабар/. Күн мурун кесиптик лицейлердин директорлору, директорлордун орун басарлары, улук устаттар, методисттер жана окутуучулар үчүн “Педагогикалык чеберчилик” жана “Заманбап жетекчи” квалификация жогорулатуу курстары башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирет.

Курстардын расмий башталышына билим берүү министринин орун басары Расул Абазбек уулу жана министрликтин башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгынын башчысы Гульнур Мамырова катышты.

Расул Абазбек уулу быйыл кесиптик лицейлердин саны 101ге жеткендигин белгилеп, анда 2 миң 800дөн ашуун инженердик-педагогикалык кызматкерлер эмгектене тургандыгын айтты.

“Биз жаңы генерациядагы башкаруучуларга муктажбыз. Бизге укуктук жана каржылык жактан сабаттуу жетекчилер керек. Анткени мыйзамдарга өзгөртүүлөр кирди, салыштырмалуу эркиндиктер берилүүдө. Кесиптик лицейлерди өнүктүрүү үчүн эркиндиктерди колдоно ала турган жетекчилер керек”, - деди министрдин орун басары.

Онлайн жана оффлайн форматтагы кесиптик кайра даярдоо курстары Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Республикалык илимий-методикалык борборунда жана Бишкектеги №3 кесиптик лицейинде жүргүзүлөт.

“Заманбап жетекчи” курсуна – 26, “Педагогикалык чеберчилик” курсуна – 103 угуучу кабыл алынды. Окутууну жогорку кесиптик чеберчиликтеги окутуучулар, профессорлор, доценттер жана илимдин кандидаттары өткөрөт.

Пикир

Оставить комментарий