Бүгүн Ош шаарынын айрым жерлеринде убактылуу электр энергиясы болбойт

Аймак 0

Бишкек, 06.10.21. /Кабар/. Бүгүн, 6-октябрда, пландаштырылган оңдоо иштерине байланыштуу Ош шаарынын айрым жерлеринде убактылуу электр энергиясы болбойт. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, төмөндөгү аймактарда саат 9:00дөн 18:00гө чейин жарык үзгүлтүккө учурайт:

Ош шаарынын Орек, Тээке, Татар, Арек айылдары, Ак-Тилек кичи району, Дыйкан-Кыштак, Достук участкалары, Төлөйкөн дача участкасы, Конурбаев, Осмонов, Мамыров, Навои, Курманжан-Датка, Ленин, Арзыкулов, Гулистан, Кол Өнөрчүлөр, Давыдов, Курбанов, 1-май (автотрест айланасы), Айтиев, Алиев, Моминов, Абдыкадыров, Молдо Нияз, Абжалов, Примов, Атабаев, Салиева, Раззаков, Касымбеков, Памир, Мирзаматов, Бабур, Бакинская, Кадыров, Маруфий көчөлөрү, Мамыров №105,107, Курманжан-Датка №274,276,278,280,280а көп кабаттуу үйлөр.

«Ошэлектр» ААК убактылуу жаралган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт.

Пикир

Оставить комментарий