• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Таласта коомдук транспорттун айдоочуларына жол кыймылынын эрежелерин сактоо эскертилүүдө

Аймак 0

Бишкек, 06.08.21. /Кабар/. Талас облусунун ички иштер башкармалыгынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн техникалык көзөмөлдөө тобунун кызматкерлери облус аймагында элдерди ташуу менен алектенген коомдук транспортторду айдаган айдоочуларга жол кыймылынын эрежелерин сактоолору боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө. Бул тууралуу Талас ОИИБнын басма сөз кызматы билдирет.

Ошондой эле жүргүнчүлөрдү Талас, Бишкек каттамында ташыган, шаар жана райондор аралык такси кызматында иштеген айдоочуларга жол кырсыктарын болтурбоо жана алдын алуу боюнча маектешүүлөрдү жүргүзүлүп, жол кыймылынын эрежелерин так сактоолору эскертилүүдө.

Ал эми Талас облусунун аймагындагы эл ташыган коомдук транспортторду айдаган жана такси кызматында иштеген айдоочулардын 30дан ашуун автоунааларынын техникалык абалдарын текшерген учурда техникалык талапка жооп бербеген 2 унаа жана жол кыймылынын эрежедлерин бузган 5 айдоочу аныкталды.

Ал унаалардын айдоочуларына жана жол эрежесин бузгандарга КР Бузуулар кодекси боюнча тиешелүү протоколдор толтурулду.

.

Пикир

Оставить комментарий