• 84.7
  • 93.39
  • 0.89

Бүгүн түштөн кийин Апшыр-Ата жайлоосуна бараткан жол ачылат – ӨКМ

Коом 0

Бишкек, 06.07.24. /Мээрим Дүйшөналиева - Кабар/. Бүгүн түштөн кийин Апшыр-Ата жайлоосуна бараткан жол ачылат. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Эделбек Кулматов “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, жайлоого алып бара турган жол селден улам жабылып калган.

“29-июндан баштап селдин кесепеттерин жоюу боюнча 26 атайын оор техника жер-жерлерде иштерди жүргүздү. 5 тилкеде техникалар иштеп жатты. Айрым жерлерде бүгүнкү күнгө чейин таштандыларды чыгаруу иштери уланууда. Апшыр-Ата жайлоосуна кеткен 3, 5 чакырымдык автожолду 2-июлдан баштап онго жакын оор техника менен калыбына келтирип жатабыз. Бүгүн түштөн кийин Апшыр-Ата жайлоосуна жол каттамы ачылат. Жол жабылганда ара жолдо калган 160тай унаа кое берилет”, - деди ал.

Ошондой эле министрдин орун басары белгилегендей, Кулатов жана Көк-Жар айыл өкмөттөрүндөгү жалпы 13 айылда селден кийин таза суу берүү үзгүлтүккө учурап, токтоп калган. 2-июлдан баштап ӨКМдин унаалары 40 миңден ашык жашоочуга таза суу жеткирип жатат. Жергиликтүү бийлик калыбына келтирүү иштерин колго алган.

Пикир

Оставить комментарий