• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Айыл чарба министринин орун басары: Органика тармагы 13 жылдан бери өнүгүүсүн токтоткон жок

Коом 0

Бишкек, 01.10.21. /Кабар/. Кыргызстанда органика тармагы 13 жылдан бери өнүгүүсүн токтоткон жок. Бул тууралуу «Organic Expo 2021» көргөзмө-жармаңкесинин ачылышында КР айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министринин орун басары Азамат Мукашев билдирди.

Анын айтымында, аталган тармак 10 гектар аянттан өнүгө баштаган. “Учурда органикалык продукция 38 миң 660 гектарга эгилген. Бул көрсөткүч албетте, кубандырат”, - деди ал.

Эскерте кетсек, Бишкекте 1-3-октябрь аралыгында «Organic Expo 2021» масштабдуу көргөзмөсү өтүп жатат.

Көргөзмө-жармаңкеде Кыргызстандын өндүрүүчүлөрүнүн жана кайра иштетүүчүлөрүнүн бардык органикалык принциптерге ылайык өстүрүлгөн органикалык айыл чарба продукциялары сунушталат. Ошондой эле көргөзмөгө кийиз, жыгач жана териден жасалган буюмдар, күн батареялары, электромобилдер, электр скутерлер жана нан азыктары коюлган.

Пикир

Оставить комментарий