Улуттук банктын жаңы төрагасы эмгек жамаатына тааныштырылды

Коом 0

Бишкек, 01.10.21. /Кабар/. Президенттин администрациясынын жетекчисинин орун басары Адылбек Касымалиев Улуттук банктын эмгек жамаатына жаңы төрага Кубанычбек Бөкөнтаевди тааныштырды.

Улуттук банкттан билдиришкендей, Касымалиев банктын иш жамаатына жаңы жетекчини тааныштырып жатып, алдыдагы иштердин маанилүүлүгүн белгиледи.

Ошондой эле Кубанычбек Бөкөнтаевге ийгилик каалады.

Өз кезегинде Бөкөнтаев Жогорку Кеңешке көрсөткөн ишеними үчүн ыраазычылык билдирип, өлкөнүн өнүгүүсү үчүн жалпы жамаат менен алгылыктуу иш алып барыларына үмүт артты.

Пикир

Оставить комментарий