• 85.8
  • 92.87
  • 0.89

Бүгүн Тирана шаарында 23 жашка чейинки балбандар арасында дүйнө чемпионаты башталат

Спорт 0

Бишкек, 21.10.24. /Кабар/. Бүгүн, 21-октябрь күнү Албаниянын Тирана шаарында грек-рим, эркин, кыз-келиндер күрөшү боюнча мелдештер башталат.

Дене тарбия жана спор департаментинен билдиришкендей, бүгүн килемде грек-рим күрөшү боюнча 60, 67, 72, 82, 97 кг салмак категориясында беттештер өтөт.

Кыргызстандын атынан беш балбан килемге чыгат:

  • 60 кг: Акыл Сулайманов – Абуладзе Придон (Грузия);
  • 67 кг: Раззак Бейшекеев – Даниель Дажани (Албания);
  • 72 кг: Адилхан Нурланбеков – Мухаммед Гөчмен (Түркия);
  • 82 кг: Бекзат Оркул уулу – Самвел Григориян (Армения);
  • 97 кг: Нурмамбет Раймалы уулу – Лукач (Хорватия), Катич (Сербия).

Беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 14:30 башталат.

Пикир

Оставить комментарий