• 87
  • 90.41
  • 0.84

Бүгүн Ысык-Көлдөгү селдин кесепеттерин жоюуга 370 адам жана 63 техника тартылды

Аймак 0

Бишкек, 24.08.24. /Кабар/. Бүгүн Ысык-Көл районунун Садыр-Аке айыл аймагында сел каптаган айылдарда тазалоо иштерин жүргүзүүгө өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамыркановдун жетекчилигинде жалпы 370 адам, 63 инженердик техника жана 3 өрт өчүрүүчү унаа тартылды.

Ведомстводон маалымдашкандай, анын ичинен ӨКМден:

  • 362 куткаруучу;
  • 14 инженердик техника;
  • 3 өрт очүрүүчү унаа.

Ал эми Жарандык коргонуу кызматтарынан:

  • 8 адам;
  • 49 инженердик техника жеринде иш алып барууда.

Эскерте кетсек, 18-августта аймакта катуу жаан жаап, анын кесепетинен сел жүргөн. ӨКМ 23-августка карата жалпы 314 турак жай сел калдыктарынан тазаланганын маалымдаган.

Пикир

Оставить комментарий