• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Каракол шаарында 15 чакырымга жакын жол салынып, оңдоп-түзөөдөн өттү

Аймак 0

Бишкек, 27.10.22. /Кабар/. Кечээ, 26-октябрда президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Илияз Иманбетов Каракол шаарынын жолдорунун сапатын текшерди. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, облус жетекчиси шаарындагы салынып бүткөн жолдордун абалын көргөн.

Белгиленгендей, 2022-жылда республикалык бюджеттин эсебинен Каракол шаарынын ичинде 15 чакырымга жакын жол жана тротуар салынып, оңдоп-түзөөдөн өткөн. Учурда негизги иштер бүткөрүлүп, айрым көчөлөрдө тротуар салуу иштери уланууда.

Облус башчы шаар жетекчилигине тез арада тротуарларды бүткөрүп, жөө жүргүнчүлөргө шарт түзүп берүүнү тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий