• 87.86
  • 93.94
  • 1

Кара-Суу районунун Алп-Ордо айылы сугат суусу менен камсыз болду

Аймак 0

Бишкек, 28.10.20. /Кабар/. Ош облусунун Кара-Суу районунун Кызыл-Суу айыл аймагындагы Алп-Ордо айылына дарыядан 1 миң 200 метр аралыкка сугат суу чыгарылды. Бул тууралуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, сууну чыгарууга сарпталган акча каражатынын жалпы сметалык баасы 6 млн 800 миң сом түздү.

Сугат суусун чыгарууда Койка (Кыргызстандагы Корея эл аралык шериктештик агенттиги) тарабынан 1 млн 745 миң сом бөлүнүп берилип, калган сумма жергиликтүү бюджеттин жана айыл жашоочуларынын эсебинен топтолгон.

“Ушул убакка чейин жергиликтүү калктын дыйканчылык менен алектенүүдө чоң мүшкүл жараткан сугат суу көйгөйү бүгүнкү күндө толук чечилүү этабында турат”, - деп айтылат маалыматта.

Бүгүнкү күндө дарыя жээгинде инженердик конструкциялар орнотулуп, суу түтүктөрү жаткырылып, Алп-Ордо айылы сугат суу менен камсыз болду.

Пикир

Оставить комментарий