• 87.99
  • 95.37
  • 0.97

Ош шаарында залалсыздандыруу иштери уланууда

Аймак 0

Бишкек, 12.07.20. /Кабар/. Коронавирус илдетинин жайылып кетүүсүнүн алдын алуу максатында Ош шаарында залалсыздандыруу иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 11-июль күнү ӨКМнин Ош шаардык башкармалыгы тарабынан шаардын аймагында дезинфекциялоо иштери болуп өттү. Тактап айтканда, Ош шаарындагы Туран, Курмандан-Датка, Амир-Тимур муниципалдык аймактык башкармалыктарында жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн кире бериш жерлери, турак үйлөрдүн дарбазалары, 23 дүкөн, 6 балдар аянтчалары, 11 дарыкана, 6 навайкана, 1 үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору жана Ош шаардык прокуратурасынын имараты залалсыздандырырылды.

Дезинфекциялоо иштери өлкөнүн бардык аймактарында жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий