Бүгүн Жалал-Абад шаарынын эки кичи районунда суу болбойт

Коом 0

Бишкек, 28.05.24. /Кабар/. Бүгүн Жалал-Абад шаарынын эки кичи районунда суу болбойт. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, авариялык оңдоп-түзөө жумуштарына байланыштуу бүгүн, 28-майда саат 10:00дөн 18:00гө чейин чейин Спутник, Көк-Арт кичи райондоруна суу берүү убактылуу өчүрүлөт.

Бишкек мэриясы жарандардан жаралган ыңгайсыздыкты түшүнүү менен кабыл алып, суу камдап алууну өтүнөт.

Пикир

Оставить комментарий