• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Бүгүндөн тартып Ош шаарында 7 тармактын иштөөсүнө уруксат берилди - Сарыбашов

Аймак 0

Бишкек, 01.05.20. /Кабар/. Бүгүнкү күндөн тартып Ош шаарында 7 чөйрөдөгү кызматтын ишин жандандырууга уруксат берилди. Бул тууралуу Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов маалымдады.

Анын айтымында, Ош шаарында өзгөчө абал режими алынган жок. Бирок, этап-этабы менен айрым ишканалар иштей баштады.

"Негизинен 7 чөйрөдөгү кызматтын ишин жандандырууга уруксат берилип жатат. Биринчиси өнөр жай, өндүрүш тармагы, экинчиси курулуш чөйрөсү, үчүнчүсү транспорт каражаттарын оңдоо жана тейлөө кызмат көрсөтүүлөрү, төртүнчүсү жеке, мамлекеттик нотариустун кызмат көрсөтүүлөрү, бешинчи соода-сатыкка, алтынчысы чач тарач, сулуулук салондорго жана акыркысы уюшулган такси кызматына уруксат берилип жатат", - дейт ал.

Сарыбашов маалымдагандай, ал эми жеке таксисттер шаардык мэрияга кат менен кайрылса, аларга да уруксат берилет. "Ошол эле учурда санитардык нормаларды сактап, экиден ашык адамды унаага отургузбоо керек", - дейт ал

Пикир

Оставить комментарий