• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

Бүгүнтөн тарта Бишкектен Балыкчыгы поезд күн сайын каттай баштады

Коом 0

Бишкек, 15.07.24. /Кабар/. Бүгүн, 15-июлдан 31-августка чейин Бишкек-2 – Балыкчы – Бишкек-2 жүргүнчүлөрдү ташуучу поезди күн сайын каттай баштайт. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Поезд Бишкек-2 станциясынан саат 07:40та чыгып, Балыкчы станциясына саат 11:46да келет, кечкиси Балыкчыдан саат 18:12де жөнөп, Бишкек-2 станциясына саат 22:18де келет.

Поезддин курамында панорамалык терезелери, кондиционери, жумшак отургучтары, дивандары жана кошумча буфети бар үч ыңгайлуу вагон бар.

Баалары:

Стандарттык вагондор:

− 5 жашка чейинки балдарга (өзүнчө орун ээлебестен) – акысыз.
− 5 жаштан 10 жашка чейинки балдарга – 73 сом.
− 10 жаштан ашкан жүргүнчүлөргө – 150 сом.

Люкс вагону:

− 5 жашка чейинки балдарга (өзүнчө орун ээлебестен) – акысыз.
− 5 жаштан 10 жашка чейинки балдарга – 250 сом.
− 10 жаштан ашкан жүргүнчүлөргө – 500 сом.

ВИП вагондору:

− 5 жашка чейинки балдарга (өзүнчө орун ээлебестен) – акысыз.
− 5 жаштан 10 жашка чейинки балдарга – 400 сом.
− 10 жаштан ашкан жүргүнчүлөргө – 800 сом.

Билеттерди онлайн https://ticket.railway.kg сайтынан жана Android платформасындагы railway.kg мобилдик тиркемесинен, ошондой эле Бишкек-2 станциясынын кассасынан сатып алса болот. Сатып алууда жүргүнчүлөрдүн өздүгүн тастыктоочу документтерин көрсөтүү керек. Поездде бардык ички жана эл аралык төлөм системаларынын накталай жана накталай эмес төлөмдөрүнүн бардык түрлөрү бар.

Толук маалымат алуу үчүн биздин сайтка кириңиз же төмөнкү телефондор аркылуу байланышыңыз: (0312) 30-02-09, 92-68-54, 92-68-40, 0 705 07-66-96.

Пикир

Оставить комментарий