• 84.24
  • 94.05
  • 0.91

Бүткүл дүйнөлүк мусулман жаштар ассамблеясынын Кыргызстандагы кеңсеси Сауд Аравия элин улуттук майрамы менен куттуктады

Коом 0

Бишкек, 20.09.24. /Кабар/. Бүткүл дүйнөлүк мусулман жаштар ассамблеясынын Кыргызстандагы кеңсеси жана анын директору Мохаммед Мады, 23-сентябрь Сауд Аравия Падышачылыгынын 94-улуттук майрамы - Падышачылыктын биригүү күнү менен эки ыйык мечиттин көзөмөлдөөчүсү Улуу Даражалуу Падыша Салман бин Абдулазиз Аль Саудду, Улуу Даражалуу мураскор ханзаада жана премьер-министр Мохаммед бин Салман Аль Саудду жана Сауд Аравия Падышачылыгынын жоомарт элин куттуктайт. Бул тууралуу бүткүл дүйнөлүк мусулман жаштар ассамблеясынын өкүлү Медер Жалалов билдирди.

“Кыргыз Республикасы менен Сауд Аравия Падышачылыгынын ортосундагы өз ара колдоого жана ишенимге негизделген достук мамилени өнүктүрүп, эки элдин бакубаттыгы, жаркын жашоосу үчүн кызмат кыла бермекчибиз. Бул салтанаттуу күнү Сиздерге жана үй-бүлөӊүздөргө бекем ден соолук, ишиӊиздерге ийгилик, ал эми Сауд Аравия элине тынчтык жана өнүгүү каалайбыз”, - деп айтылат куттуктоодо.

Пикир

Оставить комментарий