• 87.45
  • 90.6
  • 0.86

Бүткүл дүйнөлүк тамекисиз күнү. Кыргызстанда тамеки чегүү рак оорусунун негизги себептеринин бири

Ден соолук 0

Бшкек,31.05.24. /Кабар/. Кыргызстанда тамеки чегүү калк арасында рак оорусунун негизги себептеринин бири болуп саналат. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында саламаттык сактоо министринин орун басары Бүбүжан Арыкбаева билдирди.

Анын айтымында, жыл сайын 31-майда Бүткүл дүйнөлүк тамекисиз күн белгиленет. Бул жылы Бүткүл дүйнөлүк тамекисиз күнү (мындан ары-БДТК) жаштарды тамеки өнөр жайынын зыяндуу таасиринен коргоо аракеттерин колдоого багытталган.

"Бул чакырык жаштар, саясатчылар жана дүйнө жүзү боюнча тамекиге каршы күрөшүү боюнча активисттер үчүн дүйнө өлкөлөрүнүн өкмөттөрүн жаштарды тамеки индустриясынын манипуляцияларынан коргоо боюнча чараларды көрүүгө чакыра турган аянтча болот", - дейт ал.

Арыкбаева белгилегендей, кирешесин сактап калуу үчүн тамеки тармагы жыл сайын каза болгон, же тамекини таштаган адамдардын ордуна миллиондогон жаңы кардарларды табышы керек. Ушул максатта алар өз продукцияларынын жаштар арасында популярдуулугун жогорулатуучу шарттарды түзүүгө умтулат. Ошондуктан индустрия өз продукцияларынын жеткиликтүүлүгүн жана арзандыгын жогорулатуу үчүн күчтүү мыйзамдык ченемдерди өзгөртүүгө, ошондой эле мүмкүн болушунча тамеки тартууга уруксат берүүгө кызыкдар.

Министрдин орун басары рактын көбүнүн негизги себептеринин бири тамеки чегүү экенин баса белгиледи. "Тамеки тартуу ден соолугубузга радиациядан же уран»ден да көбүрөөк зыян келтирет", - деди Арыкбаева.

Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун бөлүм башчысы Чынара Бекбасарованын айтымында, тамеки рыногу өзгөрүп, көптөгөн тамеки буюмдары пайда болду. "Кээ бир буюмдар, мисалы, электрондук тамеки жана жылытылган тамеки буюмдары дүйнө жүзү боюнча, ошондой эле Кыргызстанда жаштар арасында популярдуу. Жаштардын электрондук тамекилерге жана тамеки буюмдарына болгон кызыгуусу коркунучтуу. Биз, дарыгерлер, коңшу Казакстандагыдай эле электрондук тамекилерге, IQOS (айкос) жана башкаларга толугу менен тыюу салуу демилгесин толук колдойбуз. Бул биздин балдарыбыздын келечеги", - деп эсептейт ал.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун улуттук кызматкери Алина Алтымышева белгилегендей, тамеки тармагындагы оюнчулар тамеки күйөрмандары үчүн тынымсыз жаңы өнүмдөрдү жана гаджеттерди ойлоп таап, социалдык тармактарда жарнамаларды колдонушат. Атүгүл атактуу инсандар да кадимки тамекиге болгон көз карандылыктан арылууга жардам берерин айтып, электрондук тамекилерди жарнамалашат. Мунун баары жомок. Электрондук тамеки – денеңизди ууландырган уу.

ДССУнун өкүлү айрым дүкөндөр жаштарды бир жолу колдонулуучу тамекилерди бекер берген фактылар бар экенин айтты.

Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин бөлүм башчысы Назгүл Абамуслимова бардык коомдук жайларда жана коомдук тамактануучу жайларда тамеки чегүүгө тыюу салынарын белгилейт. Бирок бизнес тармактардын айрым өкулдөру бул талаптарды карманышпайт.

Бирок ал тамеки чегүү менен күрөшүүдө жакшы жагдайлар дагы бар экенин белгиледи. "Өлкөдө 20га жакын университет "Тамекисиз университеттер" акциясын баштап, ал активдүү уланууда. Бүгүнкү күндө ага өлкөнүн 23төн ашык университети катышууда", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий