• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Багы ачылган "Алтын балалык"

Коом 0


Улуттун келечеги саламаттыгы чың балдардан көз каранды. Мындан улам, 2021-жылы президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Ысык-Көлдөгү “Алтын балалык” ден соолукту калыбына келтирүү борбору реконструкцияланып, эми балдарды кабыл алышууда.

Учурда “Алтын балалыкта” 350 бала эс алып жатат. Борбор бир убакта 500 баланы кабыл алууга мүмкүнчүлүгү бар. Бул үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Борборго алгач Ысык-Көл облусундагы аярлуу катмардагы үй-бүлөнүн балдары жана чет өлкөдөгү мигранттардын балдары келген. Азыркы тапта Чүй облусундагы балдар эс алууда.

Кезинде кароосуз калган “Алтын балалык” борборунун учурдагы абалы, балдар үчүн түзүлгөн шарты тууралуу “Кабар” маалымат агенттигинин журналисти Жазгүл Мадинованын репортажында.

Пикир

Оставить комментарий