• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Эсептөө палатасы Мамкурулуш агенттигинде финансылык мыйзам бузууларды аныктады

Коом 0

Бишкек, 10.07.23./Кабар/. Эсептөө палатасы министрлер кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинде 656 миллион 052,6 миң сомдук каржы бузууларын аныктады

Эсептөө палатасы 2021-жылга карата Мамкурулуш агенттигинде аудит жүргүзгөн.

Аудиттин жыйынтыгы боюнча жалпы 656,1 млн сом суммасындагы каржы бузуулары жана ченемдик актыларга туура келбестиктер аныкталган, анын ичинен:

- аткарылган курулуш-куроо иштеринин көлөмүнжана өздүк наркынын көрсөткүчтөрүн ашыкча баалоо, ошондой эле подряддык иштердин көлөмүн төлөөгө негизсиз кабыл алуу - 60,1 млн сом, анын ичинен: республикалык бюджеттин “Капиталдык салымдар” беренесинен каржыланган объекттер боюнча – 38,2 млн сом жана Сауд өнүктүрүү фондунун “Мамлекеттик мектептерди куруу” долбоорунан каржыланган объектилер боюнча - 21,9 млн сом.

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 11.06.2012-жылдагы № 387 “Жалпы билим берүү мектептеринин негизги техникалык көрсөткүчтөрүн бекитүү жөнүндө” токтому менен, Кыргыз Республикасынын аймагында коммуникацияларды жана жабдууларды эске албаганда, мектептин сыйымдуулугуна карата 1 чарчы метр курулуш иштеринин максималдуу наркы (долбоордук-сметалык документтер боюнча) бекитилген. Бирок, 2015-2020-жылдары түзүлгөн мектептердин негизги бөлүгүнүн долбоордук наркы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 11.06.2012-жылдагы № 387 токтому менен бекитилген курулуштун максималдуу наркынан болжолу менен алганда 201,5млн сом суммасында жогору сумманы түзгөн.

Талдоого ылайык, 2021-жылы от жагуу жайы жана спорт зал каралган, курулуп бүткөн мектептердин факты жүзүндөгү наркы 1 чарчы метрине 23,0 миң сомдон 71,0 миң сомго чейинкисумманы түзгөн. Мында, 4 мектеп боюнча курулуш-куроо иштеринин факт жүзүндөгү наркы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 11.06.2012-жылдагы № 387 токтому менен бекитилген курулуштун максималдуу наркынан 34,7 млн сомго жогорусумманы түзгөн.

- 2021-жылдын 1-январына карата мурдагы жылдан өткөрүлгөн объекттер тизмегинде куруу иштери 0% даярдыктагы 6 987,1 млн сом суммасында 127 капиталдык курулуш объекттери турат (өткөрүлүүчү объекттерде капиталдык курулушту аяктоого жалпы талап кылынган суммадан 49,7%ды түзөт), алардын социалдык-экономикалык натыйжалуулугуна баалоо иштерин жүргүзүү керек. Анткени, 0% курулуш иштери даярдыктагы 127 объекттин ичинен 85мектеп имаратынын курулушу 5 021,5 млн сом суммасын түзөт, алардын ичинен 2 111,5 млн сом суммасындагы 44 мектеп Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын авариялык абалдагы имараттарын инвентаризациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссия тарабынан сунушталган авариялык абалдагы жана дароо курулууга тийиш болгон мектептердин тизмегине кирген эмес.

Ошол эле учурда, авариялык абалдагы мектептерде 3 сменада окутуу жүрүп жатканда, 2020-2022-жылдары курулуп бүткөн 5 мектепте 1-сменада дагы толуктугу камсыздалган эмес же долбоордун кубаттуулугунун 45% - 70% чейинкини түзөт.

Айрым авариялык абалдагы мектептер жараксыз болуп (1927-1940-жылдары курулган мектептер да бар), окуу процесси мектеп имараттарынан сырткары объекттерде (бала бакчалар, клубдар, ФАПтар, турак үйлөр ж.б. имараттар) жүрүп жаткандыгына карабастан, 245 авариялык абалдагы мектептердин ичинен 59 мектепте каржылоо булактары аныктала элек, 44 мектеп 0% даярдыгы менен долбоордук деңгээлде турат, курулуп бүтө элек мектептердин катарында турган 58 мектеп 2021-жылга республикалык бюджеттен же башка булактардан каржылануучу объекттер тизмегине кирген эмес (Дүйнөлүк банктын долбоорлору, Сауд өнүктүрүү фонду ж.б.);

- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу ММБ жана Турак жай-коммуналдык чарба тарабынан каралган долбоорлор боюнча МИ фонддорунун начар өнүккөндүгүнөбайланыштуу, 2.02-пунктуна ылайык Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы менен түзүлгөн кредиттик макулдашуулардын алкагында,республикалык бюджеттен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкына 22 долбоор боюнча кредиттик каражаттарды резервге коюу үчүн жалпысуммасы 129 248,4 миң сомдук комиссия төлөнгөн;

-“Кара-Балта шаарында суу менен камсыздоо жана канализация системасын калыбына келтирүү”долбоору боюнча долбоорду жүзөгө ашыруу мезгил аралыгында каражаттар өздөштүрүлгөн эмес. Мында,мамлекеттик карызды тейлөө боюнча чыгашалар 89,7 миң еврону же болжол менен алганда 8 595,6 миң сомду түзгөн, алардын ичинен: 20,0 миң сом евро, же болжол менен алганда 1 915,7 миң сом суммасында бир жолку комиссиялык төлөм алынган;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 27.04.2015-жылдагы №258 токтому менен бекитилген “Оор жумуштар жана зыяндуу, же эмгек шарттары кооптуу жумуштар үчүн кошумча төлөмдүбелгилөөнүн тартиби жөнүндө” жобонун 2, 3, 4-пункттарынын талабын бузуу менен, жамааттык келишимде же өзүнчө документте бекитилген, оор жумуштар, зыяндуу, кооптуу жана башка өзгөчө эмгек шарттарындагы жумуштар, өзгөчө климаттык шарттардагы жумуштар тизмеде жок болсо да (2018-жылдан тартып жүргүзүлгөн эмес) зыяндуу эмгек шарттары үчүн, 1 642,3 миң сом суммасында кошумча төлөмдөр Мамкурулуштун Борбордук аппараты тарабынан жүргүзүлгөн;

-“Бишкекбашкыархитектура” мамлекеттик мекемеси боюнча зыяндуу эмгек шарттары үчүн кошумча төлөмдөрдү төлөө шарттарын сактабастан, 5841,6 миң сом жана ченемдик акты көрсөтүлбөгөнс ый акыга 7617,7 миң сом өлчөмүндө негизсиз төлөмдөр жүргүзүлгөн;

– Мамкурулуш тарабынан кабыл алынган жалпы суммасы 25752,5 миң сомдук илимий-техникалык продукциялар жана 3783,2 миң сомдук аягына чыгарылбаган иштер, активдер катары эсепке алынбастан чыгышталган;

- Мамлекеттик долбоорлоо институтунун Ош шаары боюнча филиалынын балансында жана отчеттук маалыматтарында 20 486,0 миң сомдук дебитордук карыздар көрсөтүлгөн эмес.

Пикир

Оставить комментарий