• 85.8
  • 92.87
  • 0.89

Байсалов: Кыргызстандын Россиядагы Маданият күндөрү жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы тарыхый мааниге ээ

Маданият 0


Бишкек, 21.10.24. /Кабар/. Москвада өткөн Кыргызстандын Россиядагы Маданият күндөрү жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы тарыхый мааниге ээ. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов билдирди.

“Биз бул иш-чарага катышып жатканыбызга абдан кубанычтабыз жана Россиянын Мамлекеттик академиялык театрынын тарыхый сахнасында биздин тарыхка бай маданий жетишкендиктерибизди көрсөтүү мүмкүнчүлүгү берилгендиги үчүн Россия Федерациясынын өкмөтүнө абдан ыраазыбыз. Салтанаттуу кече Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын белгилөөнүн алкагында уюштурулду. Кыргыз элинин тарыхында мамлекеттүүлүгүбүздүн башталышы дал ушул 1924-жылы түптөлгөн. Биз өзүбүздүн тарыхыбыз менен сыймыктанабыз жана албетте, 1939-жылы Москвада да болуп өткөн Кыргызстандын адабияты менен искусствосунун декадалары али эсибизде. Ушундай эле окуя 1958-жылы да болгон”, - деди ал.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары белгилегендей, Кыргызстандан келген делегация президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы жана Россия өкмөтүнүн чакыруусу менен министрлер кабинетинин башчысынын Акылбек Жапаровдун Россия Федерациясына болгон расмий сапарынын алкагында келди.

“2024-жылдын 20-декабры биздин маданиятыбыздын тарыхында гана эмес, мамлекеттин жаңы тарыхында да маанилүү окуя болуп калды. Маданият жана искусство ишмерлеринин отчеттук концерти менен коштолгон салтанаттуу кече биздин жана москвалыктардын эсинде калат деп ишенебиз”, - деди Байсалов.

Пикир

Оставить комментарий