• 87.25
  • 89.39
  • 0.86

Байыйм деп келген колу туткак соттор арызыңарды жазып кеткиле - Жогорку соттун төрагасы

Коом 0


Бишкек, 05.12.24. /Чолпон Жумалиева – Кабар/. Байыйм деп келген колу туткак соттор азыр кеткиле, сот системасы мындан ары эл, мамлекет үчүн иштейт. Бул тууралуу Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев аймактарга болгон иш сапарында соттор менен болгон жолугушууда билдирди.

Анын айтымында, сот системасы мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн иштейт жана кызматкерлерге мындан башка талап болбойт.

“Силер эски нуктагы көз карашыңарды токтоткула. Идеологияңарды өзгөрткүлө, сотко келип байыйм деген оюңар болбосун. Биз бул жерде мамлекетке кызмат кылабыз. Адилеттүүлүктү сактайбыз дегендер келип иштегиле. Өзүңөргө ишене албайсыңарбы, азыртадан арызыңарды жазып кеткиле”,- деди Медербек Сатыев.

Эске салсак, Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев аймактарга болгон иш сапарынын алкагында сот кызматкерлери менен жыйындарды өткөрүп, соттордун материалдык-техникалык абалы, иштерди кароонун сапаты боюнча ар кандай актуалдуу маселелер менен таанышууда.

Пикир

Оставить комментарий