Бишкек, 09.12.24. /Кабар/. Баку шаарында улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун эстелигине гүлчамбар коюу аземи өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чара улуу жазуучунун туулган күнүнүн астында Кыргызстандын Азербайжандагы элчилигинин демилгеси менен уюштурулду.
Иш-чарага Кыргызстандын Азербайжандагы элчиси Максат Мамытканов, ошондой эле эки өлкөнүн достук депутаттык топторунун жетекчилери: КР Жогорку Кеңешинин депутаты Саидбек Зулпуев жана Азербайжандын Милли Межлисинин депутаты Муса Гулиев катышты.
Элчилик тарабынан уюштурулган бул иш-чара Чыңгыз Айтматовдун жаркын элесине болгон терең урмат-сыйдын белгиси болуп, анын чыгармалары дүйнөлүк адабиятка жана Кыргызстан менен Азербайжандын маданий байланыштарын чыңдоого кошкон баа жеткис салымын дагы бир жолу баса белгиледи.
Пикир
Оставить комментарий