• 84.55
  • 93.78
  • 0.94

Бакуда Кыргызстан менен Азербайжандын кызматташтыгынын кеңири чөйрөсү талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 28.08.24. /Кабар/. Күн мурун Бакуда Кыргызстандын элчиси Максат Мамытканов Азербайжандын президентинин жардамчысы – президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Хикмет Гаджиев менен жолугушту.

Тыргызстандын тышкы саясий ведомствосунан билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы эки тараптуу жана көп тараптуу мамилелерге тиешелүү маселелердин кеңири чөйрөсүн талкуулашты.

Ошондой эле экономика, маданият жана билим берүү тармактарын камтыган көп тармактуу кызматташтыкты чыңдоого өзгөчө басым жасалды.

Ошондой эле маектештер алдыдагы жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги эки тараптуу жана көп тараптуу иш-чараларга байланыштуу маселелерди талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий