• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Бакыт Төрөбаев Кочкордогу “Шамшы” бассейнинин курулуш иштери менен таанышты

Аймак 0

Бишкек, 06.08.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кочкор районундагы "Шамшы" декадалык жөнгө салуу бассейнинин курулуш иштери менен таанышты.

Ведомстводон билдиришкендей, аталган объекттин курулушу аяктаса, Шамшы дарыясынын эсебинен 1704 гектар жаңы жерлер өздөштүрүлүп, 2790 гектар аянттагы жерлерди суу менен камсыздоо жогорулайт.

Ошондой эле Шамшы дарыясында декадалык жөнгө салуу бассейнинин курулушунун жүрүшүндө бир нече татаал ирригациялык объекттер да салынат:
- Декадалык жөнгө салуудагы сыйымдуулугу 3,8 млн куб метр бассейн куруу;
- Шамшы дарыясынын агымын жөнгө салуу үчүн декадалык жөнгө салуу бассейнинин плотинасы;
- декадалык жөнгө салуу бассейнинен сугат суу кое берүү;
- суу кое берүүчү төмөнкү бьефке (дарыянын бир бөлүгү) байланышкан курулуш;
- эксплуатация кызматынын курулуштары.

Мындан сырткары, министрдин орун басары - Суу ресурстары кызматынын директору Алмазбек Сокеев Кочкор районундагы “Ормон-Хан” сейил бакчасында сугат суу менен камсыздоо максатында аткарылып жаткан жумуштарды көрсөттү.

Аталган бакчада Кочкор райондук Суу чарба башкармалыгы тарабынан жамгырлатып сугаруу системасын орнотуу үчүн полиэтилен түтүктөрүн туташтыруу жумуштары аткарылууда. Иштер 31-августка чейин аяктайт.

Жыйындын соңунда бардык курулуш талаптарын сактоо менен декадалык жөнгө салуу бассейнинин курулушун, ирригациялык каналды мөөнөтүндө жана сапаттуу бүтүрүү тапшырмалары коюлуп, чечимдер кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий