• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Быйыл Ала-Бука–Чаткал жолунун курулушу башталат

Аймак 0

Бишкек, 10.04.23. /Кабар/. Быйыл Чаткал районунда 173 чакырым жолдун курулуш иштери башталат. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Абсаттар Сыргабаевдин райондун тургундары менен болгон жолугушуусунда айтылды.

Облус башчысы был жылы Ала-Бука–Чаткал унаа жолунун 173 чакырымынын 50 чакырымын бүткөрүү пландалгандыгын билдирди.

Азыркы учурда долбоорлоо жумуштары аяктап, каражат бөлүнгөн. Күн жылышы менен жумуш Чаткал районунун Жаңы-Базар айылынан жана Ала-Бука районунан эки тараптуу башталмакчы.

Пикир

Оставить комментарий