• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте милиция кызматкерлери медреселердин тарбиялануучулары менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 10.04.23. /Кабар/. ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын кызматкерлери Бишкектеги диний окуу борборлорунда жана медреселерде окушкан тарбиялануучулар менен жолугушту.

Министрликтин маалыматына ылайык, жолугушууда диний радикалдашуунун кесепеттери жөнүндө кенен түшүндүрмө берилип, укуктук маданиятын жогорулатуу боюнча агартуучулук иштер аткарылды.

Жолугушуу учурунда “Кыргызстандагы диний радикалдашуунун алгачкы белгилери жана аларды алдын алуу”, “Экстремисттик жана террористтик уюмдардын коркунучтары, өзгөчөлүктөрү”, “Кыргызстандын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаты”, “Жаштар арасында диний радикалдашууну жана улуттар аралык чыр-чатактарды алдын алуу” темаларда түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Өткөрүлгөн иш-чаранын экинчи этабында маалымат алмашуу, сунуш-пикирлерди айтуу максатында суроо-жооптор болду.

Пикир

Оставить комментарий