• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

БУУнун өнүктүрүү программасы Ош шаарын санариптештирүү боюнча долбоорду колдойт

Аймак 0

Бишкек, 02.03.22. /Кабар/. Бүгүн, 2-мартта, Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов БУУнун өнүктүрүү программасынын Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Луиза Чемберлен менен жолугушту. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар аймактарды өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу маселелерин жана жаштарды колдоо, жашыл экономиканы, туризмди өнүктүрүү, санариптештирүү тутумун киргизүү жаатындагы кызматташууну талкуулады.

Өз сөзүндө мэр БУУӨП Ош шаарынын ар тараптуу өнүгүүсүнө кошкон салымын, анын ичинде санариптештирүү, жаштарды колдоого алган долбоорлорду ишке ашыруу багытындагы демилгелерин баса белгиледи. Айрыкча жаштарга ар кандай көндүмдөрдү үйрөтүү үчүн Жаштар инновациялык борборунун ачылышынын маанилүүлүгүнө токтолду.

“Чыгармачыл тармакты колдоо – келечектүү багыт. Бул багытта Ош шаарынын мэриясы жаштардын демилгелерин колдоп келет. Сиздердин колдооңуздар менен Ош облусунун аймактарында жаштар борборлору курулду. Жаштардын санын эске алуу менен Ош шаарында да жаштардын ишкердик жөндөмүн колдоо боюнча ушундай борбор түзүү зарыл деп эсептейм. Аялдардын чыгармачылык лабораториясынын ачылышы аялзатынын арасында ишкердикти өнүктүрүүгө салым кошот деп ишенем. Ош шаарынын мэриясы шаарды өнүктүрүүгө жана шаардыктардын жыргалчылыгына багытталган долбоорлорду ишке ашырууга ар дайым көмөк көрсөтүүгө даяр”, - деп белгиледи мэр.

Л. Чемберлен БУУӨП Ош сыяктуу ири регионалдык борбордо жаштар үчүн кошумча жумуш орундарын түзүүгө кызыктар экенин, бул үчүн жаштарга санариптештирүү көндүмдөрүн үйрөтүү, креативдүү экономика механизмдерин киргизүү аркылуу туризмди жана маданиятты өнүктүрүүдө кызматташуу, ошондой эле “Акылдуу шаар” долбоорун колдоо демилгеси көтөрүлүп жатканына токтолду.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар талкууланган маселелердин алкагында кызматташууну өнүктүрүүнү макулдашышты.

Пикир

Оставить комментарий