Балалыгыңардын ар бир күнү күлкүгө толсун! Президент кичинекей кыргызстандыктарды куттуктады

Президент 0

Бишкек, 01.06.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды 1-июнь — Балдарды коргоонун эл аралык күнү менен куттуктады.

Мамлекет башчысынын куттуктоосунда мындай деп айтылат:

Урматтуу бөбөктөр, кымбатуу жеткинчектер!

Ардактуу ата-энелер!

Бүгүн “Балалуу үй – бакыт” деп, ар бир үйдө наристенин күлкүсү жаңырып, кубанычы арта турган күн. Мындан улам, баарыңыздарды бүгүнкү майрамыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктаймын!

Биз ар дайым “Балдар – биздин келечегибиз!” деп, балдарды туура тарбиялоо жана үй-бүлөлүк баалуулуктарды чыңдоо маселесине улуттук артыкчылыктардын бири катары терең маани берип келебиз.

Быйыл Кыргыз Республикасы Балдардын укуктары боюнча конвенцияга кошулганына 30 жылдын жүзү толот. Бул жылдар аралыгында бир катар ийгиликтерге жетиштик: балдардын укуктарын коргоого багытталган маанилүү мыйзам актылары кабыл алынды, билим берүү жана саламаттыкты сактоо системалары өркүндөтүлдү, балдарыбыздын ар тараптуу өнүгүүсү үчүн шарттар түзүлдү.

Бүгүнкү күндө республиканын булуң-бурчундагы ар бир баланын мүмкүнчүлүгүн өнүктүрүү жана талантын ачуу үчүн бактылуу балалык тартуулоого багытталган көптөгөн пайдалуу долбоорлор, социалдык программалар ишке ашырылууда.

Бирок, жетишкен ийгиликтерге карабастан, алдыбызда дагы да олуттуу милдеттер турганын жакшы түшүнөбүз. Кыргызстан социалдык мамлекет, ошондуктан биз социалдык жана экономикалык теңсиздикти жоюу, жакырчылык жана зордук-зомбулук менен күрөшүү, балдардын укуктарын коргоо системасын чыңдоо жаатындагы иштерди улантышыбыз кажет.

Жакында томолой жетим балдардын өнүгүүсү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында "Келечекке салым" аттуу мамлекеттик балдар депозитин киргизүү жөнүндө Жарлыкка кол койдум. Ага ылайык, томолой жетим балдардын ар бирине эсеп ачылып, алардын ден соолугун, турак жай шарттарын жакшыртуу жана билим алуу укуктарын камсыз кылуу үчүн 18 жашка толгондо 500 миң сомдон акча каражаты берилет.

Ар бир бала жаркын келечекке карата бирдей мүмкүнчүлүккө ээ болушу керек. Биздин эртеңки күнүбүз, коомубуздун бакубаттуулугу балдарыбыздын туура тарбия, терең билим алышы үчүн кандай кам көргөндүгүбүзгө жараша болору анык.

Мындан улам, бардык ата-энелерге, социалдык кызматкерлер менен мугалимдерге жана дарыгерлерге жаш муундун акыл-эстүү, сак-саламатта өсүп-чоңоюусуна ар тараптан кам көргөндүгү үчүн чын дилимден ыраазычылык билдирем.

Кымбаттуу уул-кыздарым, эч нерседен жалтанбаган, ар өнөргө эптүү, ар бир ишке шыктуу, ою тунук, акылы жетик, терең билимге сугарылган, ата тарбиясы менен эне адебин көргөн балдар гана Ата Мекенибиздин эртеңки жаркын келечегин түптөй алат. Андыктан, балдарым, ийгиликке жетүү үчүн аракетчил, эрктүү, эр жүрөк, боорукер жана адамгерчиликтүү болууну эсиңерге түйгүлө!

Балалыгыңардын ар бир күнү күлкү менен кубанычка толсун.
Майрамыңар кут болсун!”

Пикир

Оставить комментарий