Балбан Орозобек Токтомамбетов Венгриядагы турнирде коло байгеге татыды

Спорт 0

Бишкек, 08.06.24. /Кабар/. Кыргызстандын эркин күрөш боюнча курама командасынын мүчөсү Орозобек Токтомамбетов Венгрияда өтүп жаткан рейтингдик мелдеште коло байге жеңди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Токтомамбетов 74 кг салмакта чейрек финалдык баскычтан баштады. Биринчи беттешинде венгриялык балбан Мурад Курамагомедовдон жеңилүү ызасын тартып калды. Бирок атаандашы финалга чыккандыгына байланыштуу коло үчүн беттешүүгө мүмкүндүк алды.

Анда өзбекстандык Бекзод Абдурахмонов жаракат алганына байланыштуу кыргызстандык балбанга жеңиш ыйгарылып, 3-орунду ээледи.

Эскерте кетсек, рейтингдин мелдеш 6-июндан 9-июнга чейин Будапешт шаарында өтүүдө.

Пикир

Оставить комментарий