• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Балдарыңар менен баарлашкыла. Ошто окуучулар арасында түшүндүрүү иштери күчөтүлдү

Аймак 0

Бишкек, 17.02.21. /Кабар/. Ош шаарынын аймагында коомдук коопсуздукту сактоо, кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча профилактикалык иш-чаралары күчөтүлөт. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, аталган максатта Ош шаарынын М.Фрунзе атындагы орто мектебинде жолугушуу болуп өттү. Ага Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери, мугалимдер, ата-энелер жана жергиликтүү дин өкүлдөрү дагы катышты.

Жолугушууда өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун, өспүрүмдөргө карата жасалган кылмыштардын алдын алуу боюнча профилактикалык иш -араларды уюштуруу маселелери талкууланды.

Жыйындын катышуучулары тарабынан акыркы мезгилдердеги ата-энелердин балдарды тарбиялоодогу ролу азайып бара жаткандыгы, балдардын билимге эмес, материалдык байлыктарга ыктап бара жаткандыгы, компьютердик клубдардын ишин чектөө мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маселелер талкууланды.

Өзгөчө азыркы ааламдашуу заманында балдардын физикалык жактан гана эмес, ой-жүгүртүү мүмкүнчүлүгүн чектеп жаткандыгы айтылды. Ата-энелерге балдарын интернеттен оолак кармап, балдарга жетиштүү убакыт бөлүп, мээрим, тарбия берүүнү көбөйтүү сунушталды.

Жашы жете элек балдардын динге ашкере берилип, мектеп программасынан артта калуусунун терс жактары дагы айтылды.

"Бул жолугушуу Ош ШИИБнын жашы жетелек балдар менен иштөө инспекциясынын инспектору, милициянын ага лейтенанты Нурзат Ажиматова тарабынан уюштурулду. Ушундай жолугушуулар шаардын бардык аймактарында өткөрүлмөкчү", - деп кошумчалашты шаардык милициянын басма сөз кызматынан.

Пикир

Оставить комментарий