• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Балмуздак фестивалында 200дөн ашык таттуулардын түрү коюлду

Коом 0

Бишкек, 3-июль /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Бишкектеги “Фламинго” сейил багында 2-июлда бал муздак фестивалы өтүп, анда таттууларды сүйүүчүлөргө бал муздактын 200дөн ашык түрү тартууланды.

Уюштуруучулардын айтымында, кант диабети менен ооругандарга таттуу кошулбаган бал муздактар да коюлган. Ал эми сүткө аллергиясы барлар үчүн кымыз жана куруттан жасалган бал муздактар болду.

“Фестиваль цирктин артисттеринин, бий топторунун, балдарга арналган шоу программалардын жана эстрада жылдыздарынын коштоосунда жогорку деңгээлде өттү”,-дешти уюштуруучулар.

Сейил бактын аймагында балдар үчүн бир катар оюн зооктор уюштурулуп, өзгөчөлөнгөндөр белек менен сыйланышты.

Эки миңге чукул бала уюштуруучулардын жана демөөрчүлөрдүн атынан белектерди алышканын уюштуруучулар кошумчалашты.

Пикир

Оставить комментарий