• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Салык кызматы норка тумактарынын мыйзамсыз импортун аныктады

Коом 0

Бишкек, 29.01.24./Кабар/. Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери ЕАЭБге мүчө өлкөдөн баш кийимдерди мыйзамсыз ташып кирүү фактысын аныкташты. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Атап айтканда, "Ош" эл аралык аэропортунун ЕАЭБ өлкөлөрүнөн учуп келүү зонасында жайгашкан товарларды эсепке алуу пунктунан башка өлкөнүн жараны 152 норка тумагын мыйзамсыз импорттоого аракет кылган.

Импорттоочуда товарга тийиштүү эч бир коштоочу документтер болгон эмес.

Жыйынтыгында товар тартып алынып, тиешелүү материалдар мыйзамга ылайык чара көрүү үчүн компетенттүү органдарга өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий