• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Кыргыз футбол союзунун жетекчилери кызматтан кетти

Спорт 0

Бишкек, 29.01.24./Кабар/. Кыргыз футбол союзунун жетекчилери кызматтан кетти. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, союздун президенти Медербек Сыдыков улуттук команданын көрсөткөн жыйынтыгына байланыштуу жумушун тапшырууну чечкенин билдирди. Анын артынан аткаруу комитетинин бардык мүчөлөрү “өз жоопкерчилигин сезип” мөөнөтүнөн мурда ыйгарым укуктарын токтотушту.

КФСнын жетекчилигин шайлоо 19-февралда өтөт.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын улуттук курамасы Азия Кубогунда өз тайпасында үч оюнга чыгып, бир гана упайга ээ болуп акыркы орунду алган.

Медербек Сыдыков президенттик кызматына 2021-жылдын октябрь айында, ал эми Аткаруу комитетинин учурдагы курамы 2022-жылдын апрелинде шайланган.

Пикир

Оставить комментарий