• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Балыкчы - Каракол унаа жолунда Toyota Camry оодарылып кеткен

Кырсык 0

Бишкек, 26.03.22. /Кабар/. Балыкчы - Чолпон-Ата - Каракол жолунун 93-чакырымында Toyota Camry үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай, кырсыкка кабылган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, унаа жолдон чыгып оодарылып кеткен.

Кырсыктан бир аял жабыркаган. Анын өздүгү такталууда.

Окуя болгон жерге төрт куткаруучу тартылган. Алар жеткенге чейин жабыркаган аялды тез жардам кызматынын унаасы алып кеткен.

Пикир

Оставить комментарий