Бишкек, 09.09.22. /Кабар/. Балыкчыда көл түбүндөгү таштандылар тазаланды. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, Балыкчы шаарындагы “Почта”, “Сейил”, “Толкун” муниципалдык пляждарында суу түбүнөн жалпы 3 куб метр таштанды алынып чыкты.
Тазалоо иштери Балыкчы мэриясынын “Көрктөндүрүү жана санитардык тазалык” муниципалдык ишканасынын суучул-куткаруучулары тарабынан аткарылган.
Пикир
Оставить комментарий