Балыкчыда зордук-зомбулуктун алдын алуу маселелери талкууланды

Аймак 0

Бишкек, 28.05.24. /Кабар/. Балыкчы шаарында “Кыз кыялданат” аттуу форум болуп өттү.

Ички иштер министрлигинен билдиришкендей, форумдун негизги максаты - кыздарга жана аялдарга карата жасалган зордук-зомбулукту токтотуу болуп саналат.

Иш-чаранын жүрүшүндө үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу маселелери, жайкы эс алуу учурундагы жашы жетелек өспүрүмдөрдүн коопсуздугу, ата-энелердин жоопкерчилиги талкууланды. Ошондой эле жаш балдарга карата зомбулуктун алдын алуу максатында ата-энелер, балдарга коопсуздук эрежелерин үйрөтүү эскертилди.

Белгилей кетсек, форумга Балыкчы шаарынын мэри Анарбек уулу Азамат, Балыкчы мэриясынын аппарат жетекчиси Адилет Калыков, Балыкчы шаарынын прокурорунун орун басары Чынарбек Аалиев жана ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын бөлүм башчылары Нуржан Адылова, Таалайбек Алижанов, ошондой эле мектеп мугалимдери, социалдык кызматкерлер катышты.

Форумда ошондой эле эгерде кимде-ким үй-бүлөлүк зомбулуктун кайсыл бир түрүнө дуушар болсо же түздөн-түз коркунуч жаралса, дароо 102 номерине же 111, 112 ишеним номерлерине чалуу керектиги айтылды.

Пикир

Оставить комментарий