Банк жабдууларын салыктан бошотуу мөөнөтүн дагы 3 жылга узартуу демилгеси сунушталууда

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 28.02.17. /Кабар/. Жогорку Кеӊеште өлкө аймагына алынып келинген банк жабдууларын кошумча нарк салыгынан бошотууга багытталган «КР Салык кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө» КР мыйзамынын колдонуу мөөнөтүн узартуу тууралуу» мыйзам долбоору каралып, үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирет.

Улуттук банктын берген маалыматына караганда, мыйзамга ылайык, Кыргызстандын аймагына банктар тарабынан алынып келинген POS-терминалдар, банкоматтар, төлөм терминалдары, банк киоскилери сындуу жабдуулар кошумча нарк салыгынан бошотулган, бирок анын мөөнөтү аяктоодо. Ошондон улам, анын мөөнтүн 3 жылга узартуу демилгеси сунушталууда.

Андан тышкары, ушу тапта маяналар менен пенсияларды банк аркылуу төлөө чечими кабыл алынганына карабастан, элет жергесинде мындай банк жабдуулары жетишсиз болгондуктан, жарандарыбыз узак жол басып райондун борборлоруна барууга аргасыз. Алардын мындай көйгөйүн ар айылда банкоматтарды орнотуу чаралары аркылуу чечүү жолу сунушталууда. Мындай демилге 2040-жылга чейин туруктуу өнүгүү стратегиясынын «Таза коом» долбоорунда да камтылган.

Пикир

Оставить комментарий