Бишкек, 31.05.22. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Барскоон – Ак-Шыйрак унаа жолунда кар калың жаагандыгына байланыштуу жол убактылуу жабылды.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, Сөөк ашуусунан Ак-Шыйрак айылына чейин каттоочу каттам токтоп, кар көчкү түшүү кооптуулугу сакталууда.
Жерине №3 жол тазалоочу ишканадан бир жүктөгүч тартылып, жол тазалоо иштери жүрүүдө.
Пикир
Оставить комментарий