• 87.25
  • 89.39
  • 0.86

Башкы прокурор ЕБ жана Германиянын элчилери менен кызматташтыкты талкуулады

Коом 0

Бишкек, 12.12.24. /Кабар/. Бүгүн башкы прокурор Максат Асаналиев Европа биримдигинин элчиси Мерилин Йосефсон жана Германиянын Кыргызстандагы элчиси Габриэла Геллил менен жолукту. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Ведомствонун маалыматы боюнча, анда өз ара кызматташуу, укуктук жардам көрсөтүү жана Кыргызстанда мыйзамдуулукту, жарандардын укуктарын коргоону жана укуктун үстөмдүгүн камсыздоо боюнча чаралар талкууланды.

Германиянын элчиси менен жолугушууда ишкерлердин укуктарын коргоо, чет элдик инвесторлор үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү маселелери көтөрүлдү.

Ал эми Европа биримдигинин элчиси менен прокуратура органдарынын инфраструктурасын модернизациялоо жана өнүктүрүү, анын ичинде заманбап технологияларды киргизүү маселелери талкууланды.

Башкы прокурор эл аралык өнөктөштөргө көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, өлкөдө укук коргоо жана укуктук системаны бекемдөө жаатындагы кызматташууну өнүктүрүүгө даяр экендигин баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий